Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
2022-жылдын 9-августу №120
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Кара участкасындагы 0,50га, СМУ участкасындагы 0,30га жер тилкелерин аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин талаптарына ылайык Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы Кара участкасынан 0,50га жер аянты, СМУ участкасынан 0,30га жер аянтына кичи ишканаларды куруу максатында аукцион аркылуу сатууга айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XXVI-сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы Кара участкасынан №900 контурундагы 0,50га жер аянтына, СМУ участкасынан № 181-контурундагы 0,30га жер аянтына кичи ишканаларды куруу максатында аукцион аркылуу сатыкка коюуга макулдук берилсин.
2. Аталган жер тилкесин тийштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабирвго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары: |
Каракашов И. |