Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
2022-жылдын 9-августу №121
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлери”категориясынан, “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21, 2017-жылдын 01-июлундагы №95-мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылына коомдук муктаждыктар үчүн,социалдык объектилерди куруугаАЖМФнун эсебиндеги №51-контурундагы 1,0га жер аянтын“Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу (трансформациялоого) үчүн Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык кеңешинин Vчакырылышынын кезектегиXXVI сессиясытоктом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Капчыгай айылындагы АЖМФнун эсебиндеги №51-контурундагы 1,0га жер тилкесине социалдык объктилерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары: |
Каракашов И. |