Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
2022-жылдын 9-августу №123
Ак-Сай айылынын тургуну Алиева Мавлюданын арызын кароо жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай айылындагы М.Атабеков көчөсүнүн №9-үйдүн тургуну Алиева Мавлюда Даткаевнанын учурда колдонуудагы турак-жай жана тийиштүү жер аянты жөнүндөгү арызын карап чыгып Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясытоктом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Ак-Сай айылынын тургуну Алиева Мавлюда Даткаевнанын учурда жашап жатканүйү жана тийиштүү жер участогун менчиктештирүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары: |
Каракашов И. |