Загрузка документа…
ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
2023-жылдын 4-октябры № 57
Жер тилкесин жеке менчике берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Октябрь айылдык кеӊеш Октябрь айыл аймагынын Маман айылынын имамы Түкөбеков Максат № 369 контурундагы 10га жет тилкесин Маман айылынын көрүстөнү толуп калгандыгына байланыштуу, төштөн көрүстөнгө жер бөлүп берүүнү элдин атынан өтүнүч арызын карап, таанышып чыгып Октябрь айылдык кеӊеш токтом кылат:
1.Октябрь айыл аймагынын Октябрь айылынын № 369 контурундагы 10га жер тилкесин көрүстөнгө бөлүп берүүгө макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т Иманалиев |