Редакцияот 04.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы

2023-жылдын 4-октябры № 64

Жашыл зона жерден жол ачууга макулдук берүү жөнүндө

Октябрь айылдык кеӊеш Октябрь айыл аймагынан Уч-Кайнар айылынын жаны конушунун тургундары Б.Өмүрзаков көчөсүнөн Абдраманов А көчөсүнө чейин узундугу 150 метр туурасы 3 метр болгон жашыл зона аталган жерди жол ачып берүү боюнча кайрылуусун карап, таанышып чыгып Октябрь айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1.Октябрь айыл аймагынын Уч-Кайнар айылынын Б. Өмүрзаков көчөсүнөн А.Абдраманов кочөсүнү узундугу 150 метр туурасы 3 метр болгон жашыл зонадан жол ачууга макулдук берет.

 

2.Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кенжебаевге мыйзам чегинде иш кагаздарын бүтүрүнүү милдеттендирет.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашировго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Т Иманалиев