Редакцияот 13.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХI сессиясы

2023-жылдын 13-октябры №92

Баткен районунун аймагында административдик-аймактык реформа боюнча долбоор айылдык кеңештин сессиясында кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген,2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айыл аймактарынын административдик-аймактык реформанын концепциясын жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 11-октябрындагы № 01-27/1175 катынын негизинде депутаттар арасында кенири талкууланып карап чыгып,Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:

 

1.  Суу-Башы айылдык кеңешинин 13-октябрь 2023-жылдын 31 кезексиз сессиясында талкууланып,Суу-Башы айыл аймагынын борбордук кеңсеси Боз-Адыр айылында калтырылсын.

 

2.  Суу-Башы айыл аймагы Баткен облусунун айыл аймактарынын административдик-аймактык реформа долбоор сунушунун негизинде айылдык кеңештин макулдугу берилсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

А.Бөрүев