СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХI сессиясы
2023-жылдын 13-октябры №93
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылында жайгашкан № 290-контурда жайгашкан 2.58 га жер аянты курулуштар астындагы жер (Гараж) жерин , 2020-жылдын 16-июнда Суу-Башы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХII -сессиясынын №50 токтому менен жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-августундагы №25 токтому менен он эки жаранга турак жайга берилген. Бирок ушул 2.58 га жер аянты “трансформация” болгон эмес. Башкача айтканда “ Айыл чарба багытындагы” жер категориясынын таштак жайыт жана курулуш астындагы түзүлгөн , “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууну(трансформациялоону) угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХI сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын аймагынан №290-контурундагы 2,58га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жана мыйзамдаштырып берүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бөрүев |