Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 29/1 «Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы ,2023-жылга карата бюджетин ,атайын каражатын киреше жана чыгаша бөлүгүн 2024-2025-жылдарга долбоорун бекитүү тууралуу» токтому
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXIX кезектүү сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № 29/1
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы ,2023-жылга карата бюджетин ,атайын каражатын киреше жана чыгаша бөлүгүн 2024-2025-жылдарга долбоорун бекитүү тууралуу
Аталган маселе боюнча Жан-Булак айыл аймагынын бюджеттик финансылык (экономика ,инвестиция ,ишкердик иштер ,энергетика) боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2023-жылга Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин, атайын каражаттын киреше жана чыгаша бѳлүгүн 2024-2025-жылдарга долбоорун бекитүү боюнча Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Боскунчиев Улан Бейшенбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXIX кезектүү сессиясы токтом кылат :
1. Жан-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин киреше бѳлүгү тѳмѳндѳгүдѳй:
№ | Кирешенин аталышы | “миң” сом |
1 | Киреше салыгы | 3026,0 |
2 | Патент | 82,0 |
3 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 7,3 |
4 | Транспорт салыгы | 270,0 |
8 | Огород салыгы | 55,0 |
9 | А/чарба багытында эмес жер салыгы | 57,6 |
10 | Лицензия | 60,0 |
11 | Жайыт жер арендасы | 822,3 |
12 | КБЖ арендасы | 320,0 |
13 | Тазалык жыйымы | 1,8 |
| Жалпысы: | 4702,0 |
14 | Тендештирүүчү грант | 4654,0 |
15 | Ата-энелер взносу | 540,0 |
| Айыл ѳкмѳтү боюнча бардыгы | 9896,0 |
3. Бюджеттин чыгаша бѳлүгү тѳмѳндѳгүдѳй болуп бекитилсин.
№ | Чыгашанын аталышы | “миң” сом |
1 | Башкаруу аппаратына | 7234,3 |
2 | Маданият бѳлүмү | 1127,4 |
3 | Билим берүү бѳлүгү | 712,0 |
4 | Жайыткызматы үчүн | 822,3 |
| Айыл ѳкмѳтү боюнча бардыгы | 9896,0 |
Башкаруу аппаратынын штаттык бирдиги 8 штат,кичи кызмат 2 штат
Маданият бѳлүмү 3 штат негизги 2 штат,кичи кызмат 1 штат
№ | Жылдар | Бюджеттин долбоору | |
Киреше бѳлүгү “миң” сом | Чыгаша бѳлүгү “миң” сом | ||
1 | 2024-жыл | 10955,0 | 10955,0 |
2 | 2025-жыл | 11593,0 | 11593,0 |
|
|
|
|
4. Атайын каражатка ата-энелерден тамак ашка тушуучу спонсордук жардам киреше жана чыгаша бѳлүгү 540,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Мамбеткулов |