Редакцияот 20.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясы

2023-жылдын 20-июлу № 25

Жекенди айылдык аймагынын аймагында базарлардын иштоосун тартипке келтирүү жана соода түйүндөрүндөгү, ашканалардагы сатылып жаткан азык түлүк товарларынын сапаты, бааларын жана санитардык абалын кароо жөнүндө

Жекенди айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жекенди айылдык аймагынын аймагында базарлардын иштоосун тартипке келтирүү жана соода түйүндөрүндөгү, ашканалардагы сатылып жаткан азык түлүк товарларынын сапаты, бааларын жана санитардык абалы канааттандырарлык экени белгиленсин.

 

2. Жекенди айылдык аймагына караштуу негизги жана ички жолдордун абалын кароо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, кенештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сагынбек Халиловго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов