Редакцияот 20.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясы

2023-жылдын 20-июлу № 28

Жекенди айыл аймагында 35- 10 кВ көмөкчү чордонунун куруу үчүн 0,25 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксат берүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жекенди айылдык аймагында 35-10 кВ көмөкчү чордонун курууга № 2058 контурундагы 0,25 га жайыт эсебиндеги жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка ар түрдүү багыттагы жерлери категориясына” которууга макулдук берилсин.

 

 2.Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер маселелери боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.

 

  3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сагынбек Халиловго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов