ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясы
2023-жылдын 20-июлу № 29
Жекенди айыл аймагында айыл чаба жерлеринин мамлекеттик фондунун (ФПС) жерлеринин ижара акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү
Мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айыл аймагында айыл чаба жерлеринин мамлекеттик фондунун (ФПС) жерлеринин ижара акысынын тарифи чөп чабынды сугат айдоо жерлерге -1800 (бир миң сегиз жүз) сом, ал эми кайрак жерлерге 900 (тогуз жүз) сом болуп бекитилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана ФЭБ нүн башчысы С.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сагынбек Халиловго тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |