Редакцияот 20.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясы

2023-жылдын 20-июлу № 30

Жекенди айыл аймагында жайлоодон түшүп алып каралбаган малдарга болгон штрафтык өлчөмдөрдү бекитүү жөнүндө

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айыл аймагында

жайлоодон түшүп алып каралбаган малдарга болгон штрафтык өлчөмдү бекитип

берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесине

ылайык

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1.Жекенди айылдык аймагында жайкы жайыттан эрте түшуп алган малдар үчүн штраф салуу боюнча сунуш канаатандырылсын.

 

 2.Жайкы жайыттан эрте түшуп алган кара малга 1000 (миң) сом, майда малга 500 (беш жүз) сом, ал эми төөлөргө 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө штраф жана малды камаган мезгилде ээси тарабынан каралбай өлүп калган учурда айыл башчылар жоопкерчиликке тартылбай тургандыгы белгиленсин.

 

 3.Токтомду аткарууга алуу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана айыл башчыларга М.Саитовго, А.Мамасаитов, Айлонидин уулу Абдимажитка, Жакыпов Абдиллага жана Маматкалык уулу Алымкулга милдеттендирилсин.

 

 4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, кенештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сагынбек Халиловго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов