Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясы
2023-жылдын 20-июлу № 33
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык МЧББУна видео көзөмөл орнотуу жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык МЧББУ нун көмөкчү чарбасынан бакчанын ичине видео көзөмөл орнотуу үчүн акча каражаты жетишпей жаткандыгына байланыштуу 2 ( эки ) баш бодо мал жумшоо үчүн макулдук берүү жагын сурап № 14 16.06.2023-жылдагы билдирүү катын угуп жана талкуулап
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык МЧББУна видео көзөмөл орнотуу үчүн көмөкчү чарбадагы 2(эки) баш бодо малды сатып жумшоого макулдук берилсин.
2.Жогорудагы көрсөтүлгөн видео көзөмөлдү орнотуу үчүн жумшалган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Кара-Мык МЧББУ нун жетекчиси Жайлообай кызы Умугүлсүнгө милдеттендирилсин жана тийиштүү документтерине көзөмөл жүргүзүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы С.Маматовго тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сагынбек Халиловго тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |