Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырманчы сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры № 39
Жекенди айылдык кеңешинин 06. 04. 2018 - жылдагы № 13 / 4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди талаасы жана Чек участкасындагы жер аянттарын бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча чыккан 06.04.2018-жылдагы № 13/4 токтомун кайрадан карап чыгып, өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык кеңешинин 06.04.2018-жылдагы № 13/4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин сунушу жактырылсын.
2. Жекенди айылдык кеңешинин 06.04.2018-жылдагы № 13/4 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
3.Жекенди айылдык кеңешинин 06.04.2018-жылдагы № 13/4 токтомунун 2-пункутундагы Чек участкасындагы №1767 контурундагы таштуу жайыт эсебиндеги “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилген 20 га таштуу жайыт жер аянты 17,70 га болуп өзгөртүлсүн.
4.Чек участкасындагы №1767 контуруна 2,30 га жер аянты “Калктуу конуштардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) ыңгайсыз болгондугуна байланыштуу өзгөртүүсүз калтырылсын.
5.Тийиштүү документтерди бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын
Төрага | А.Абдукалилов |