ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз V сессиясы
2023-жылдын 25-сентябры № 5/2
Тоголок-Молдо айыл аймагындагы жайыттарды жакшыртуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жайыт мыйзамы 11-беренеси», Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 713 токтомуна ылайык, Тоголок-Молдо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджетке түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишкананын бюджетине толук сметадагы план которулуп берилсин.
2. Которулган акча каражаты жайыттарды жакшыртууга пайдаланылсын.
3. Аткаруу жагы муниципалдык ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу депутатык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Ж.Турдубеков |