Редакцияот 02.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык  кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын   XIХ-сессиясы

2023-жылдын 2-марты № 155

Түп айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1-январь 2023-жылга кирешелери чыгашаларынан ашыкча сарпталбай бош калган акча-каражаттарын бѳлүштүрүү жѳнүндѳ

Түп айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин бош калган акча-каражаты боюнча маселени талкуулап, Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын XIХ -сессиясы токтом кылат:

 

1.Түп айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1-январь 2023- жылга сарпталбай бош калган акча-каражатынан 4 617 000 сом тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүштүрүлсүн:

 - “Куддус “ЖЧ ишканасына Шаты айылынын жаңы конушуна электр чубалгыларын тартуу иштерин бүткɵрүүгɵ- 68000 сом,

 -“Кербен Курулуш Плюс” ЖЧ ишканасына Түп,Шаты жана Бирлик айылдарына түнкү жарыктандыруу орнотуу иштерин бүткѳрүүгѳ-1269800сом,

 -Жайыт комитетине 2022-жылдын аягында которулбай калган акча каражаты - 64900 сом,

-“Дивелепп Групп” ЖЧ ишканасына Түп айылындагы Боронбай кɵчɵсүнүн тротуарын бүткɵрүүгɵ-41500 сом,

- “ СК Райн” ЖЧ ишканасына Түп айылындагы асма кɵпүрɵнүн капиталдык ремонтун бүткɵрүүгɵ - 92700 сом,

-“Доолос Транс” ЖЧ ишканасына Шаты айылындагы спорт залынын оӊдоо иштеринин 2- этабына -66100 сом,

-Түп райондук архитектура башкармачылыгына 2022-жылда жасалган АПШга, корутундуларга үчүн- 31700 сом,

-“Доолос Транс” ЖЧ ишканасына Элебаев кɵчɵсүнүн асфальт тɵшɵɵ жумуштарын бүткɵрүүгɵ-60800 сом,

-“Доолос Транс” ЖЧ ишканасын Түп айыл ɵкмɵтүнүн имаратынын артындагы ажаткан салуу жумуштарын бүткɵрүүгɵ- 39100 сом,

-“Кожомкул Ата” ЖЧишканасына Түп айылынын Шиловец кѳчѳсүнүн тротуарын бүткѳрүүгѳ-992000 сом

- ЖИ О.Баланга В.Кайкин №7 орто мектебине компьютерлерин алып берүүгѳ-49000 сом.

-ЖИ О.Баланга Түп айыл ѳкмѳтүнүн аппаратына компьютерлерин алып берүүгѳ-43800 сом.

-ЖИ Ш.Иманалиевге Түп айылынын Манас кѳчѳсүнѳ түнкү жарыктандыруу столбаларын орнотууга-498500 сом

-“Каракол проект строй” ЖЧ ишканасына суу түтүкчѳлѳрүн орнотууга-562300 сом.

 

-Аксакалдар сотуна материалдык жактан колдоо үчүн -86400 сом,

-Түп айыл ѳкмѳтунүн алдында уюшулган МКТ чарбасына – 460000 сом, анын ичинен:

  210000 сом авто тетиктерге алууга жана 1С-бухгалтерия программасын орнотууга-250000 сом.

-Жеке ишкер Ш.И.Бегалиевага “Бакыт” бала бакчасынын тамак- ашына -28900 сом,

-Жеке ишкер Э.К.Иманалиева “Бакыт” бала бакчасынын тамак- ашына -65500 сом,

-Жеке ишкер М.М.Рахматов Түп айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынын канцелярдык товарларына -19900 сом.

-Жеке ишкер М.Омурканов Бирлик орто мектебине ар кандай чарбалык товарларына -7700 сом.

-Жеке ишкер М.Омурканов Молдогазиев орто мектебине ар кандай чарбалык товарларына -18400 сом.

-Жеке ишкер Ш.И.Бегалиевага ар кандай канцелярдык жана чарбалык товарларына - 50000 сом.

 

Баардыгы – 4617000 сом.

 

2.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жагы айылдык кеӊештин бюджеттик комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Чоркозов Эрлан Акматовичке милдеттендирилсин.

 

Тѳрайым

А.О. Орозбекова