Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XХ-сессиясы

2023-жылдын 31-марты №157

Түп айыл аймагынын малдарды жайлоого багуунун, бадада багуу, жазгы-күзгү жерди айдоо-себүүнүн акыларын бекитүү жөнүндө

Түп айыл аймагынын малдарды жайлоого багуунун, бадада багуу, жазгы-күзгү жерди айдоо-себүүнүн акыларын бекитүү жөнүндө маселени карап, чыгып, айылдык жыйындардын жыйынтыктары менен алдын ала талкуулолорду жана макулдашууларды эске алуу менен, Түп айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XX- сессиясы токтом кылат:

 

1. Түп айылдык аймагы боюнча жайлоого көчкөн малды багуу акысы:

- 1бир баш койго Сары-жазга багылса 150 сом.

- жеринде калса (жакынкы жайыттарга)100 сом.

- уйга, торпокко – 600 сом.

- жылкыга – 700 сом.

  Баданын акысы:

Бардык бадалар үчүн;

 Уй башына – 250 сом: букасы менен 300 сом

Ал эми Борбор менен Пушкиндин бадасынын жайыты тардыгына байланыштуу уй башына 350 сомдон бекитилсин.

Түп токой чарбасынан пайдаланууга алынган жайыт акы

 1 бодого, жылкыга – 54 сом 1 га жер бөлүнөт

 1 койго – 12,5 сом 4 башка 1га бөлүнөт

 Жайлоого чыкчу малдар аба ырайынын шарты мүмкүнчүлүк берсе 10-майга чейин көчүп кетүүсү милдеттендирилет.

 Белгиленген мѳѳнѳттѳ кѳчпѳгѳн малчыларга катуу чаралар кѳрүлсүн жана 10000 сом ѳлчѳмүндѳ айып салынсын.

 Айылда саан уйлар жана 1 баш мингич же арабакеч жылкы алып калууга уруксат берилсин.

- Базда-кашарларда калган фермерлерге, жайытынын шарты туура келсе 3(үч) баш саан уй, 1(бир) баш жылкы алып калууга уруксат берилсин.

-Малдарды мамлекет тарабынан коюлган талапка ылайык биркалап берүү жагы ветеринардык кызматка тапшырылсын.

-Малдардын вакцинациясын мал даарыгерлик кызматкерлери 1-майга чейин толук бүтүрүшсүн.

-Ветеринарлардын вакцинация боюнча аткарган иштери боюнча 1баш бодо малга 50 сомдон, майда жандыкка 25 сом кызмат акы алынсын.

-Алыскы жайлоого көчүп жаткан малчыларга милдеттүү түрдө айыл өкмөтү менен келишим түзүү жагы милдеттендирилсин.

- Айдалган эгин аянттарына, көп жылдык чөптөргө, беделерге зыян келтирген учурда мал ээлерине мыйзам чегинде административдик чаралар колдонулсун.

- Элдин үлуш жериндеги эгинге, көп жылдык чөптөргө зыян келтирилген учурда, айыл өкмөтүнүн жер жана мал боюнча адиси менен биргелекте түзүлгөн комиссия курамы акт түзүп уй, жылкы жана кой баласына, антимонополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашуунун негизинде, зыян келтирген учурларда аксакалдар соту тарабынан төмөнкүдөй айып пулдар салынсын:

Биринчи жолу зыян келтирген учурда;

 

Кой, эчки – 250сом

Бодо – 600 сом

Каз, ѳрдѳк, индюк -100 сом

-Экинчи жолу зыян келтирген учурда

Кой, эчки – 600 сом

Бодо – 1500 сом

Каз, ѳрдѳк, индюк -200 сом

Үчүнчу жолу зыян келтирген учурда

Кой, эчки – 1000 сом

Бодо – 2500 сом

Каз, ѳрдѳк, индюк-500 сом

      -Күз мезгилинде жайлоодон аба-ырайына жараша 15-сентябрьга чейин көчүп келүүгө уруксат берилбесин.

 

      -Уруксаатсыз көчүп келген малчыларга мыйзам чегинде административдик чара көрүлсүн жана 50 миң сом акчалай айып пул салынсын.

 

     -Түп токой чарбасына, малчылар менен келишимдерди түзүү жагы айыл өкмөттүн мал чарба адиси менен макулдашуудан кийин кана түзүү жагы тапшырылсын жана ушул токтомго таянуу менен кѳчүп келүү мѳѳнѳттөрүн коюп берүү жагы тапшырылсын.

 

     -Түп айылдык кеӊешинин сессиясынын токтому менен мал багып, жайлоого чыгуучуларды кол койдуруп, тааныштыруу ишин алып баруу мал чарба адисине тапшырылсын.

 

     -Жайыттарды башка максаттарда келишим менен берилген жерлер (Чѳп чабыш, балчелек) баалары бир гектарына 700 сом ижара акысы алынсын.

 

2. Түп айылдык аймагынын айыл өкмөтү боюнча жазгы-күзгү талаачылык жумуштарына техникалардын кызмат акысы төмөнкүдөй бекитилсин:

 

- Жер айдоо 1000 сом;                      1 га жерге 25 литр солярка.

 

- Тырмоок маласы менен 500 сом 1 га жерге 6 литр солярка.

 

Тырмоок маласы жок болсо 400 с 1 га жерге 6 литр солярка.

 

- Себүү 450 сом                                   1 га жерге 8 литр солярка

 

- Каткилѳѳ 300 сом                             1 га жерге 6 литр солярка.

 

- Чоп чабуу Германка 1000 сом      1 га жерге 8 литр солярка

 

- Жѳнѳкѳй чѳп чапкыч 500 сом       1 га жерге 8 литр солярка

 

- Комбайн 1000 сом                           1 га жерге 20 литр солярка

 

Жүк ташуучу авто унаага 1 рейсине 600-1000 сомго чейин, күйүчү майы аралыгына жараша;

 

Чөп престөө 1 түккө жиби менен 10 сом, 1 га жерге 8 литр солярка

 

Беде үрөн чабуу 2500сом                1 га жерге 25 литр солярка

 

3. Түп айылдык аймагы боюнча малдарды даарылап профилактика жүргүзүү, ветеринардык тейлөө кызматына тапшырылсын.

 

4. Кызмат көрсөтүүнүн акысынын бааларын транспорт ээлерине кол койдуруп, тааныштыруу Түп айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Чоркозов Э.А. жүктөлсүн.

 

Тѳрайым

А. О. Орозбекова