Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XХ-сессиясы

2023-жылдын 31-марты №158

Түп айыл өкмөтүнүн Шаты айылындагы ичүүчү суунун кудукчалары турган жер тилкесин муниципалдык менчикке берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 Түп айыл өкмөтүнүн кайрылуусун негизинде, Таза-суу жаңы проектиси ишке ашырылып жаткандыгына байланыштуу, Түп айылынын калкын таза, ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында, маселени карап чыгып талкуулап, Түп айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XX- сессиясы токтом кылат:

 

1. Шаты айылындагы №128 контурунда жайгашкан 0,10 га бош жаткан жер тилкесине кудукчаларды (скважина) турган жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

 2. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Чоркозов Э. А. жүктөлсүн.

 

Тѳрайым

А. О. Орозбекова