Редакцияот 26.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XХI-сессиясы

2023-жылдын 26-апрели № 161

Түп айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1-январь 2023-жылга кирешелери чыгашаларынан ашыкча сарпталбай бош калган акча-каражаттарын бѳлүштүрүү жѳнүндѳ

Түп айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин бош калган акча-каражаты боюнча маселени талкуулап, Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын XХI -сессиясы токтом кылат:

 

 1.Түп айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1-январь 2023- жылга сарпталбай бош калган акча-каражатынан 18 083 000 тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүштүрүлсүн;

 -Түп айылынын Бакай кѳчѳсүнѳ асфальт тѳшѳѳгѳ жана көпүрөсүн оңдоп, түзөп, салууга: - 4 000 000 сом.,

 - Түп айылынын Карымшаков кѳчѳсүнѳ асфальт тѳшѳѳгѳ:-4 500 000 сом.,

 - Түп айылынын Элебаев кѳчѳсүнѳ асфальт тѳшѳѳгѳ:-4 000 000 сом.,

 -Түп айылынын Шиловец кѳчѳсүнѳ тротуар тѳшѳѳгѳ:-3 500 000 сом.,

 -Түп айылынын ичине түнкү жарыктандыруу орнотууга:-1 000 000 сом.,

 -Түп айылынын ички сугат арыктарын оңдоп түзөө иштерине:-640 000 сом.,

  - Түп районун “Каркыра” гезитине токтомдорду, жарыяларды жайгаштырууга:-20 000 сом.,

 -Кыргыз Республикасынын ЖѲБ Союзуна мүчѳлүк акысына:-15 000 сом.,

 -Терроризимге каршы долбооруна кошумча каржылоого:-23 000 сом.,

 - В.Кайкин №7 атындагы мектебине отургучтарды алып берүүгѳ:-70 000 сом.,

 -Молдогазиев атындагы мектебине түстүү принтер алып берүүгѳ:-30 000 сом.,

 -Түп айыл ѳкмѳтүнүн жер бѳлүмүнѳ сейф алып берүүгѳ:-30 000 сом.,

 -Түп айыл ѳкмѳтүнүн жер бѳлүмүнѳ жер ѳлчѳѳчү курвиметр аспабын алып берүүгѳ:-40000 сом.,

 -Ж. И. Ш.Бегалиевага “Жеткинчек” бала бакчасына комфоркаларды алып берүүгѳ:-15000 сом

 - “Жеткинчек” бала бакчасынын чатырынан калган карызына 100 000 сом.

 -Түп айыл ѳкмѳтүнүн долбоорлоруна кошумча каржылоого:-100 000 сом.

 

Баардыгы – 18 083 000 сом.

 

2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жагы айылдык Кеӊештин бюджеттик комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Чоркозов Эрлан Акматовичке милдеттендирилсин

 

Тѳрайым

А. О. Орозбекова