Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XХI-сессиясы
2023-жылдын 26-апрели № 165
Түп айылдык аймагынын Түп айыл өкмөтүнө, Түп райондук жергиликтүү өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Түп айылдык аймагынын социалдык-экономикалык жактан ар тараптан өсүп өнүгүүсүнө кам көрүү максатында, Түп айылдык аймагынын Туп айыл өкмөтүнө Түп райондук жергиликтүү өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XXI- сессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагына караштуу «Боромбай» бийдин эстелигин капиталдык ремонттон өткөрүүгө акча каражаты суралсын.
2. Түп райондук мамлекеттик администрациясынын тегерегиндеги курчоолор, башкы планга ылайык, кызыл чийиктен өтүп кеткендигине байланыштуу, алып салынып, жылдырылып, кайра ылайыкталып койдурганга макулдук берилсин жана ага тиешелүү зарыл болгон акча каражаты Түп райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3.Түп айылындагы Манас көчөсүндө жайгашкан РИИБ маңдайындагы, көчө жагындагы тосмолорду орнотууга Түп райондук өнүктүрүү фондунан акча каражаты суралсын.
4. Түп айылынын кире беришиндеги МАИ постун капиталдык ремонттон өткөрүүгө Түп райондук өнүктүрүү фондунан акча каражаты суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана жана ишке ашыруу жагы, Түп айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Чоркозов Э. А. милдеттендирилсин.
Тѳрайым | А. О. Орозбекова |