Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын отуруму

2023-жылдын 13-марты №15/1

Нариман айыл аймагындагы Нурдар айылында жайгашкан социалдык багыттагы Инн 5-04-11-1012-0286 коду ыйгарылган муниципалдык жерде турган стадионду ижарага берүү жөнүндө

Нариман айыл аймагынын Нурдар айылында жайгашкан социалдык багыттагы Инн 5-04-11-1012-0286 коду ыйгарылган муниципалдык менчиктеги стадиондун инфраструктурасын жакшыртып, ондоп түзөө иштерин жүргүзүп ижарага берүү максатында келип түшкөн арыз кеңири ой пикирлер жана талкуунун негизинде Нариман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Нариман айыл аймагынын Нурдар айылында жайгашкан социалдык багыттагы Инн 5-04-11-1012-0286 коду ыйгарылган муниципалдык менчикте турган социалдык обьекти ижарага берилсин.

 

2.    Токтомдун мыйзамдуу аткаруу жагы Нариман айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик ,соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Х.Ш.Артыкова