Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын отуруму

2023-жылдын 13-марты №15/5

Нариман айыл аймагындагы ВЛКСМ айылында үй шартында муниципалдык балдар бакчасын ачуу жөнүндө

Нариман айыл аймагындагы ВЛКСМ айылынын тургуну Базарбаева Розихандын айылында муниципалдык балдар бакчасын ачуу жөнүндө жазган арызынын негизинде, балдар бакчасын ачуу максатында Нариман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Нариман айыл аймагындагы ВЛКСМ айылындагы Абдуллаев көчөсүнүн № 58-үйүндө, үй шартындагы муниципалдык бала бакча ачууга уруксат берилсин.

 

2.  Нариман айыл аймагынын ВЛКСМ айылына ачыла турган муниципалдык бала-бакчасына штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

3.  Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жана Нариман айылдык кеңешинин элге билдим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Х.Ш.Артыкова