Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын отуруму

2023-жылдын 13-марты №15/6

Нариман айыл өкмөтүнүн коммерциялык эмес Нариман “Коомдук алдын алуу борбору” курамын бекитүү жөнүндө

   Депутаттар КААБнун жетекчиси Т.Токтосуновдун Нариман айыл өкмөтүндөгү коммерциялык эмес “Коомдук алдын алуу борборунун” курамы менен таанышып чыгып, Нариман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1.  Нариман “ Коомдук алдын алуу борборунун курамы” бекитилсин.

 

2.   Мекеменин иш кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы, КААБнун жетекчиси Т.Токтосуновго жүктөлсүн.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нариман айылдык кеңешинин укук жана коомдук тартипти сактоо, ак сакалдар соту, өзгөчө кырдаал, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Х.Ш.Артыкова