Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын отуруму
2023-жылдын 12-апрели №16/2
Нариман айыл аймагындагы ИСКАКБларды Нариман айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Нариман айыл өкмөтүнүн берген Нариман айыл аймагындагы Нариман Таза Суу муниципалдык ишканасындагы ИСКАКБларды Нариман айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндөгү сунушу, кеңири ой пикирлер менен талкууга алынып, Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Нариман айыл аймагындагы Нариман Таза-Суу муниципалдык иш-канасы Нариман айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрайымы |
Х.Ш.Артыкова |