БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 26-апрели № 20
Баткен шаарында жугуштуу оорулардын алдын алуу, сактануу максатында көрүлүп жаткан чаралар жана ооруларга каршы эмдөөлөрдүн абалы жөнүндө
Жугуштуу ооруларды алдын алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Министрлигинин буйруктары, Республикалык ооруларды алдын алуу департаментинин жана жергиликтүү бийликтин буйрук, көрсөтмөлөрү, протоколдук тапшырмалары менен жүргүзүлөт.
Медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында шаардын калкына 1 үй-бүлө лүк дарыгерлер борбору, 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, 1 облустук биргелешкен оорукана, 1 кургак учукка каршы күрөшүү, областтык ВИЧ-СПИД оорусун алдын алуу борбору, областтык медициналык маалымат борбору жана 1 райондор аралык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору тарабынан ооруларды алдын алуу жана медициналык жардам берүү жүргүзүлүүдө.
Жалпы 35 жугуштуу оорулардын ичинен 2023-жылы 6 түрү катталып, 66 учурду түзгөн, өткөн 2022-жылдын 1 кварталында оорунун 5 түрү катталып, 55 учурду түзүп, салыштырмалуу 11 учурга жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыркагандардын эсебинен көбөйгөн.
Шаардын аймагында алардын жалпы абалы стабилдүү. Облустун аймагында жүргүзүлгөн жугуштуу оорулардын алдын алуу иш-чараларынын негизинде сибир жарасы, безгек, шал, кептөөр, столбняк (тырышма) сыяктуу оорулар катталган эмес. Жугуштуу оорулардын көпчүлүк түрүнөн шаарда стабилдүүлүк сакталууда, бирок кээ бир жугуштуу оорулар 2022-жылдын 1 кварталына салыштырмалуу, 2023-жылдын 1 кварталында шаарда оорулардын учуру өскөнү байкалат.
2023-жылдын 1 кварталына карата жугуштуу оорулар боюнча көрсөткүч:
№ | Оорулардын аталышы/
шаарлар | Лабораториялык жактан тастык- талган курч ичеги-карын оорулары | Лабораториялык жактан тастыкталбаган ичеги карын оорулары | Жалпы | |||
2022ж 1 квартал | 2023ж 1 квартал | 2022ж 1 квартал | 2023ж 1 квартал | 2022ж 1 квартал | 2023ж 1 квартал | ||
1 | Баткен шаары | 21 | 12 | 16 | 31 | 37 | 43 |
Баардыгы | 21 | 12 | 16 | 31 | 37 | 43 | |
Курч ичеги карын ооруларынын көбөйүшүнүн бирден бир себеби аба ырайы башкача айтканда күндүн ысышына байланыштуу көлмө, арык сууларын турмуш-тиричиликте пайдалануу, гигиенанын сакталбашы, жашылча мөмө жемиштерди колдонууда нитриттин көптүгү, , соода сатык түйүндөрүндө санитардык-ветеринардык талаптардын сакталбашы болушу мүмкүн.
Жугуштуу сарык оруусу менен 2022-жылдын I-чи кварталына 5 оорулуу катталып, 2023 –жылдын I-чи кварталына 19 оорулуу катталып салыштырмалуу 14 оорулууга көбөйгөн. Бул жугуштуу сарык оорусунун вирусун алып жүрүүчүлөрдүн саны азайган.
№ | шаарлар | 2022-жыл I кв | 2023-жыл I кв | Айырмасы | ||
Абс.корс | Инт.корс | Абс.корс | Инт.корс | |||
1 | Баткен шаары | 5 | 1,9 | 19 | 6,7 | +14 |
Сарык оорусун көп катталуусунун субьективдүү, обьективтүү себептеринин бар экендигин белгилеп кетүүгө болот.
Жугуштуу сарык оруусунун “В”, “С” түрлөрү 2022-2023-жылдын 1-кварталдарында катталган эмес.
Парентералдык жол аркылуу жугуучу жугуштуу сарык оорусунун “В” түрүн алдын алуу максатында Баткен шаарынын жарандарынын (каалоочулар) арасында гепатит “В” оорусуна бекер текшерүү жана эмдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бруцеллез оорусу менен ооругандар дагы 2022-2023-жылдын I-чи кварталдарында катталган эмес.
Кургак учук оорусу менен ооругандар 2022-жылдын I-чи кварталына 7 ооруу катталган болсо, 2023 –жылдын I-чи кварталына 2 ооруу катталып, салыштырмалуу 5 ооруга азайган.
Кургак учук оорусу менен ооругандардын саны 2022-2023-жылдарынын I-чи кварталына көрсөткүчү:
№ | шаарлар | 2022-жыл I кв | 2023-жыл I кв | Айырмасы | ||
Абс.корс | Инт.корс | Абс.корс | Инт.корс | |||
1 | Баткен шаары | 7 | 2,7 | 2 | 0,7 | -5 |
Кургак учук оорусу менен ооругандар таблицада көрүнүп тургандай өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу төмөндөгөн.
Жалпы ооругандар ичинен кургак учур оорусунун өпкөдөгү түрү менен 2022-жылдын 1 кварталында 6 учур катталган болсо, 2023-жылдын 1 кварталында 2 учур катталып, салыштырмалуу 4 учурга азайган. Ал эми кургак учуктун ачык формасы (БК+) 2022-жылдын 1 кварталында 2 учур катталган болсо, 2023-жылдын 1 кварталында 1 учур катталып, салыштырмалуу 1 учурга азайган.
Кургак учук аныкталган ар бир очок учутко алынып, кургак учуктун ачык формасы аныкталган жараандарга сөссүз түрдө эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, болжолдуу жугуу жолу, жугуу убагы аныкталып, контакта болгондору көзөмөлгө алынып алдын алуу иш чаралары жүргүзүлөт.
Кутурма оорусун болдурбоо жана аны алдын алуу 16.12.2022-жылы чыккан №1458 “Кыргыз Республикасында адамдаордын кутурма оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү” жөнүндөгү буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
2022-жылдын I-чи кварталына жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыр тарткандар 10 учур болсо, 2023-жылдын I-чи кварталына ар түрдүү жаныбарлардан жабыркагандардын саны 20 учур катталып, 10 учурга көбөйгөн.
№ | шаарлар | 2022-жыл I кв | 2023-жыл I кв | Айырмасы | ||
Абс.корс | Инт.корс | Абс.корс | Инт.корс | |||
1 | Баткен шаары | 10 | 3,9 | 20 | 7,0 | +10 |
Жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыр тарткандар саны шаарыбыздагы жаныбарлардан, жолбун иттерден көз каранды болгондугуна байланыштуу алдын алуу иш чаралар жергиликтүү бийлик, ветеринардык башкармалык менен бирге жүргүзүү маселелери турат.
Кутурма оорусун алдын алуу максатында жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыр тартып келген жарандар үчүн үзгүлтүксүз антирабикалык иммуноглобулин жана антирабикалык вакцина менен камсыз болунуп келүүдө.
2023-жылдын 13-мартында Кутурма оорусун алдын алууда деген темада Баткен ТВ аркылуу түз эфирге чыккан.
Шаар боюнча 7 эмдөө пункту бар, алар ай сайын отчет берип турушат, негизги көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүлүп турат.
2023-жылдын 3 айында шаарда эмдөө менен башкарылуучу оорулардан кептөөр,сенек, кызылча,көк жөтөл,кызамык, шал оорулары катталган эмес.
Тепки оорусу 2022-жылдын 3 айында шаарда 6 учур катталган болсо (инт.корс.2,1), быйыл 2023-жылдын 3 айында бир да учур катталган эмес.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 09.02.2023 –жылы чыккан № 102 “Кыргыз Республикасында кызамык жана кызылча ооруларынын жайылышын болтурбоо боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында шаардагы кызамык, кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдү 95% дан кем эмес денгээлде (КПК вакцинасы менен 1 жана 6 жаш) камтуусу күчөтүлдү.
Баткен шаарынын калкынын арасында кызамык оорусунун эпидемиялык абалы бүгүнку күндө курч бойдон калууда.
Улуттук Эмдөө календарынын негизинде шаар ичинде эмдөө боюнча төмөнкү иштер аткарылган : 2023-жылдын 3 айында 197 бала төрөлсө,булардын ичинен кургак учукка каршы 197 бала эмделди же -100 % тузду.
Жашы | Эмдөөнүн түрү | План | Эмделгени | % |
1 жашка чейин | “В” сарык оорусуна эмдөө | 760 | 227 | 29,9 |
төрөлгөн балдар | Кургак учук оорусуна каршы эмдөө | 197 | 197 | 100 |
| Шал оорусуна каршы эмдөө | 760 | 229 | 30,1 |
| Кептөөр, сенек оорусуна каршы эмдөө | 760 | 227 | 29,9 |
| Көк жөтөл оорусуна каршы эмдөө | 760 | 227 | 29,9 |
| ХИБ оорусуна каршы эмдөө | 760 | 227 | 29,9 |
| Пневмококк инфекциясына каршы эмдөө | 760 | 227 | 29,9 |
| Ротавирус инфекциясына каршы эмдөө | 760 | 227 | 29,9 |
| Шал оорусуна каршы эмдөө (ИПВ-1) | 760 | 220 | 28,9 |
| Шал оорусуна каршы эмдөө (ИПВ-2) | 760 | 179 | 23,6 |
1 жаш | Кызамык оорусуна каршы эмдөө | 760 | 203 | 26,7 |
| Кызылча оорусуна каршы эмдөө | 760 | 203 | 26,7 |
| Тепки оорусуна каршы эмдөө | 760 | 203 | 26,7 |
| Пневмококк инфекциясына каршы эмдөө | 760 | 200 | 26,3 |
2 жаш | Кептөөргө,сенекке каршы кайра эмдөө | 825 | 160 | 19,4 |
| Көк жөтөлгө каршы кайра эмдөө | 825 | 160 | 19,4 |
6 жаш | Кептөөргө,сенекке каршы кайра эмдөө | 895 | 200 | 22,3 |
| Кызылча оорусуна каршы кайра эмдөө | 895 | 196 | 21,9 |
| Кызамык оорусуна каршы эмдөө | 895 | 196 | 21,9 |
| Тепки оорусуна каршы кайра эмдөө | 895 | 196 | 21,9 |
11 жаш | Кептөөргө,сенекке каршы кайра эмдөө | 805 | 134 | 16,6 |
| Папилома вирусуна каршы эмдөө | 387 | 57 | 14,7 |
16 жаш | Кептөөргө,сенекке каршы кайра эмдөө | 596 | 109 | 18,3 |
26 жаш | Кептөөргө,сенекке каршы кайра эмдөө | 417 | 36 | 8,6 |
36 жаш | Кептөөргө,сенекке каршы кайра эмдөө | 467 | 47 | 10,1 |
46 жаш | Кептөөргө,сенекке каршы кайра эмдөө | 278 | 39 | 14,0 |
56 жаш | Кептөөргө,сенекке каршы кайра эмдөө | 152 | 33 | 21,7 |
АДС-М 26,36,46,56 жаштагылардын эмдөө планы төмөн болгондугунун биринчи себеби, 26-36 жаштагы адамдар Россия Федерациясына жана чет өлкөлөргө кетип иштегендигине байланыштуу болгон, жана 26-36 жаштагы кош бойлуу аялдар өз убагында алалбай калгандыгы себеп болду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо министрлигинин 2023-жылдын 04-апрелинде № 378 “Кыргыз Республикасынын калкынын артыкчылыктуу топторунун арасында COVID-19га каршы этап-этабы менен эмдөөнү ишке ашыруу,вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык Альянстын (ГАВИ) төлөмдөрүнүн өлкөнүн CDS-2 тиркемелери аркылуу COVAX механизминин алкагында ишке ашыруу жөнүндө” буйругун аткаруу максатында 2023-жылдын апрель айынан баштап Баткен шаарында, жалпы эле республика боюнча COVID-19га каршы эмдөөлөр этап менен жүргүзүлөт:
1-чи этапта: медициналык кызматкерлер, 60 жаштан ашкан калкты,билим берүү окуу жайларынын педагогторун жана кызматкерлерин экинчи жана кошумча дозалары менен эмдөөгө 90% камтуу,
2-чи этапта: өнөкөт жана онкологиялык оорулар менен ооруган калкты экинчи жана кошумча дозалары менен эмдөөгө 90% камтуу,
3-чү этапта: ӨКМ, аэропорт,ИИМ,УКМК, Бажы ж.б.мамлекеттик кызматкерлердин контингентин экинчи жана кошумча дозалары менен эмдөөгө 90% камтуу.
Жогорудагыардын негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарында жугуштуу оорулардын алдын алууда медициналык-эпидемиологиялык чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы жана жугуштуу оорулар салыштырмалуу көбөйгөндүгун жоюу жагы Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, шаарды тейлеген бөлүмдөрүнө эскертилсин;
-жугуштуу ооруларды пайда кылууда эң негизги себеп болуп эсептелген ичүүчү таза суунун шаар калкына талапка ылайык берүүнү 1 айлык мөөнөттө жолго салуу жагы Баткен-Таза суу мекемесинин жетекчиси У.Балтабаевге милдеттендирилсин.
2.Шаар тургундарын жугуштуу оорулардын алдын алууда ичүүчү таза суунун сапаты талапка ылайык берилбей жаткандыгы белгиленсин жана таза сууну талапка ылайык берүү чарасын көрүү жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ жүктөлсүн.
3.Ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу жана сактануу үчүн шаар тургундарын, берилип жаткан акысыз эмдөөлөрдөн өткөрүү үчүн такай массалык чараларды көрүүгө багытталган иш чара иштеп чыгуу жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Ушул токтомду мамлекеттик реестирке каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |