БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 26-апрели № 27
Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун аймагындагы Баткен-Раззаков автожолунун күн батыш тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин 2022 аскер бөлүгүнө, “аскер кызматкерлеринин шартын жакшыртуу жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн кошумча 4,0 га жер аянтын мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүп берүүгө жана “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу менен аскер обьектилеринин курулуштарын куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункутун 5-пункутчасына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 3-беренесине жана 2022 аскер бөлүгүнүн кайрылуусун коштогон, Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 14-апрелдеги №02-14/209 катына, Баткен шаардык кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун аймагындагы Баткен-Раззаков автожолунун күн батыш тарабынан 2022 аскер бөлүгүнө, “аскер кызматкерлеринин шартын жакшыртуу жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн кошумча 5,0 га жер аянты, Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин карамагында турган С.Сыдыков көчөсүндөгү 1,30 га жер аянтын алмаштыруу менен мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнүп берилген 5, 0 га “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы” жер аянты “Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу менен аскер обьектилеринин курулуштарын куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Макулдук берилген жер аянтын Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин 2022 аскер бөлүгүнө бөлүнүп берилген жер аянтын өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |