Редакцияот 26.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 26-апрели № 28

Баткен шаарынын ички №103, №104 маршруттук каттамынын графигин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- беренесинин, 2-пунктунун 2;5-пунктчаларына Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын 20-февалдагы №01-12/404 кызматтык катына жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кортундуларынын негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын ички №103 маршруттук каттамынын графиги №1, №2 тиркемелерге ылайык бекитилсин. (№1;2 тиркемелер тиркелет)

 

2.Баткен шаарынын ички №104 маршруттук каттамынын графиктери №3, №4 тиркемелерге ылайык бекитилсин.

 

3. Каттамдардын жүрүү графиктери автобустардын көрүнүктүү жерлерине жана шаардык кеңештин расмий-сайтына орноштурулсун.

 

4.Токтом шаар калкына шаардык кеңештин расмий айты аркылуу жеткирилсин.

 

5.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

 

6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары У.Гаиповго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Аширов

 

Тиркеме