Редакцияот 26.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 26-апрели № 30

Баткен шаарынын тургундарынын коопсуздугун алдын алуу максатында көрүлүп жаткан чаралардын абалы жөнүндө

Баткен ШИИБдин 2023-жылдын 3 айында, шаарда ички коопсуздук тартибинин сактоо жана алдын алуу максатында аткарылган жалпы ишмердүүлүгүндө КР нормативдик ченемдик укуктардын, КРП Жарлыктарынын,токтомдорун, КР ИИМдин буйруктарын, көрсөтмөлөрүн жана шаар аймагына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды аткаруу менен жүргүзүлөт: ШИИБүн өздүк курамы 37 штаттык бирдиктеги ички иштер кызматкерлеринен турат. 2 бош кызмат оруну, 31 офицердик курам, 6 сержант.

     2023-жылдын 3 айында жалпы 78 арыз даттануу катталып, 376 кириш кагаздар, 75 атайын тапшырма катталган. Электрондук маалыматтарды каттоо журналына (МЭЖ) жалпы 268 маалымат катталып, анын ичинен КБРге 28 материал катталган.

Жалпы кылмыштуулук 3 ай ичинде өндүрүшкө 36/49 кылмыш иши алынса, отчеттук мезгилге 28/28 катталып, 36/49 кылмыш ишине тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Соттук кароого 3/14 кылмыш иши жөнөтүлгөн, 24/14 иш кыскартылып жалпы 27/28 кылмыштын бети ачылып, 80,0%, 85,2% (-5,2) пайызды түзгөн.

Кылмыш иликтөө багытында:кылмыштар өндүрүшкө 32/35 кылмыш алынса, отчёттук мезгилге 32/35 кылмыш катталып тергөө амалдары ачылганы 24/17, 75,0%,,

48,6% түзгөн.

Кылмыштын түрлөрү боюнча: Оор жана өзгөчө оор кылмыштар, адам өлтүрүү, денеге залал келтирүү, адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү катталган эмес. Бирок өндүрүшкө 1/1 кылмыш иши алынып, кылмыштын бети ачылган.

     Издөөдөгү кылмышкерлер:4 кылмышкерге издөө жарыяланган, алардын 2 кармалып, 2 кылмышкер издөөдө.

     Өздүгү аныкталбаган өлүктөр түрүнө: 1 атуулдун өздүгү такталбаган өлүк катталган.

Баткен шаарынын аймагында 3 айдын ичинде кылмыштуулукту болтурбоо, алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу, ошону менен бирге уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү, соттон жана тергөөдөн качкан кылмышкерлерди кармоо, өздүгү аныкталбаган өлүктү аныктоо, качып жүргөн кылмышкерлерди кармоо, үйлөрүнө кайтаруу максатында “Уурулук”- 3 жолу, “Транзит”- 1 жолу, “Кибер преступник”-1 жолу, “Арсенал”-1 жолу ыкчам иш-чараларды өткөрүп, 8 кылмыштын бети ачылган.

Баткен шаарындагы атайын жана жогорку окуу жайлардын студенттери окуган окуу жайларда жана жашаган жатаканаларда ИДН инспекторлору жеткиликтүү иш алып барылбай жатат. Себеп, өспүрүм жаш кыздардын арасында түшүндүрүү иштери жана көзөмөл жетишсиздигинен бойдон алдыруу учурлар катталып жаткандыгы маалымдалып жатат. Бул маселелерге өтө олуттуу мамиле кылуубуз зарыл. Ошону менен катар ИДН инспекторлорунун ээлеген кызмат орундарын алмаштыруу менен ИДН ишин жандандыруу зарылдыгы туулат.

Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаардык ИИБ 2023-жылдын 3 айында жүргүзүп жаткан иштеринин абалына берилген маалыматы көңүлгө алынсын.

2.Баткен ШИИБ жетекчилигине шаардын өспүрүм курактагылары менен түздөн-түз иш алып баруучу ИДН кызматкерлеринин кызмат орундарын кароо жагы сунушталсын.

 3.Шаардын коопсуздугун сактоо жана алдын алуу максатында, шаар калкы ШИИБ га көчөлөрдөн, АТО дан байкалган орунсуз иштерди, жоосунсуз жооруктарды байкаган учурда токтоосуз билдирүү берүүсү керектиги, шаар тургундарына жыйындарда, элдер топтолгон жайларда түшүндүрүлсүн.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды жана ысымдарды, депутаттык мандат, этика, Регламент маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Аширов