Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынынкезектеги IV сессиясы
2023-жылдын 06-июлу № 19
Ак-Татыр айыл аймагындагы жашоочуларга таштанды жыйымынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Илиязбек Джураевдин билдирүүсүн, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын кезектеги №2 отурумунун протоколун карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-майында №5 токтомунда Ак-Татыр айыл аймагынын жашоочуларыга таштанды жыйымынын өлчөмү жылына “кожолук башына 50 ( элүү ) сомдон” деген сөздөр “ар бир жашоочуга 10 ( он ) сомдон” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн салык кызматкери И.Джураевге жүктөлсүн.
Төрага: | Ысаков С.Б. |