Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 06-июлу № 17
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо”жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2023-жылдын 26-июнундагы №01-13/3279 сандуу чыгыш катын карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясында, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын батыш тарабынан МЧС башкармалыгына кампа куруу үчүн жер участогун которуштурууга (трансформациялоо) макулдук берилген.
2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын батыш тарабынан Мамлекеттик менчиктеги №5549-контурундагы 0,50 га жер аянты таштуу жайыт жер, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуштурууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди толуктап бүтүрүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациядан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Мажитовго жүктөлсүн.
Төрага: | Ысаков С.Б. |