САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезектеги чакырылышынын -XXII сессиясы
2023-жылдын 26-июлу № 15
Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.08.1994-жылдагы № 632 токтомунун негизинде, үлүшкө берилген жерлерди инвентаризация жүргүзүүдө табылган жерлерди ижарага берүү жана ижара акысын бекитүү максатында Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезектүү XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.08.1994-жылдагы № 632 токтомунун негизинде, үлүшкө берилген жерлерди инвентаризация жүргүзүүдө табылган жерлерди ижарага берүү жана ижара акысын бекитүү туралуу айыл чарба, архитектура, транспорт жана экология комитетинин 25-июль 2023-жылдагы №3 протоколу жактырылып, каралган тарифтер бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булуң айылдык кеңешинин этика, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы |
Эпээва В.М. |