Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз чакырылышынын -XVI сессиясы
2022-жылдын 11-августу № 19
Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы кичи футбол аянтчасына ысым ыйгаруу тууралуу
Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы кичи футбол аянчасына ысым ыйгаруу тууралуу жергиликтүү жамааттын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы кичи футбол аянтчасына ысым ыйгаруу тууралуу жергиликт жамааттын кайрылуусу канааттандырылып, Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы кичи футбол аянтчасына Оруналиев Суранбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы |
Эпээва В.М. |