Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 2023-жылдын 26-январы № 17/3

                                                              

Мамлекеттик салык кызматынын Алай району  боюнча башкармалыгынын айылдык кеңешине  жөнөткөн катын кароо боюнча

 

    Мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 6-декабрындагы №021/22/09-1/439 сандуу катын карап, талкуулап жана  “Кыргыз Республикасынын  Салык кодексин  колдонууга киргизүү жөнүндө”    мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык  Корул айыл өкмөтүнүн  салык   кызматы боюнча башкы адиси Бегматов Таалайдын билдирүүсүн угуп Корул  айылдык Кеңеши

                                               

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.    “Кыргыз Республикасынын  Салык кодексин  колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык  Корул айыл өкмөтүнүн  аймагында 2023-жылга карата мүлк салыгы киргизилсин.

 

 2. Мүлк салыгын эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына  ылайык жүргүзүлсүн.

 

3. Кабыл алынган токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн  салык кызматкерлерине жана айыл өкмөттүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Корул айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Нажимидин уулу