Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-ноябры № 16-14
Кажар айылынын тургуну,маркум Аширбаев Мирзараимдин ысымын айылга ыйгаруу жөнүндө
Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын, он төртүнчү маселеси боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Назарбековдун Кажар айылынын тургундарынын кайрылуусу менен айыл кенешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кажар айылынын тургуну,маркум Аширбаев Мирзараимдин ысымын Кажар айылына ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Кажар айылы маркум”Аширбаев Мирзараим айылы” болуп өзгөртүлсүн.
3.Айылдын чек арасын тактап берүү жагы Кажар айылынын айыл башчысы Ы.Жоробаевге,айылдын санитардык жана оң абалда кармоо жагы Аширбаев Мирзараимдин балдарына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту,укук тартиби сактоо жарандардын укугу жана кызыкчылыгын коргоо,архитехтура курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн
5.Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
6.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Исманов |