Загрузка документа…
ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 20-февралы № 8
“ Ысык –Көл облусунун Ак- Суу районунун Чельпек айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын”аймагынын чек араларын бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, берилген иш-кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында,Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын негизинде токтом кылат:
1.Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Чельпек айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы» аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органы эсептик каттоого алынсын.
2.Ысык- Көл облусунун Ак-Суу районунун Чельпек айылдык аймагынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органы “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек аралары Чельпек айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.
3.Чельпек айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин ыйгарым укуктуу адиси тарабынан жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каттоо журналына киргизилсин.
4. Бул Токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Б. Кадаевка жана туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Б. Сариевага жүктөлсүн.
Төрага | Б. К. Омуркулов |