ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 29-апрели № 16
Каракол лыжа базасына бара турган ички жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына берүү жөнүндө
Каракол лыжа базасына бара турган ички жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына берүү жөнүндө Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XXVII- сессиясынын негизинде токтом кылат:
1. Туризмди өнүктүрүү максатында Каракол лыжа базасына бара турган жолдун 4,0 чакырымын капиталдык ремонт, асфальттоо иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан каралган – аталган жолду тейлөө үчүн Чельпек айыл өкмөтүнө бөлүнгөн атайын жол тейлөө техникасы (грейдер) Чельпек айыл өкмөтүнүн башкаруусунда калсын.
3.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Б. Кадаевге жүктөлсүн.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б. К. Омуркулов |