ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 12-майы № 17
Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясынын негизинде:
Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартибин бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Чельпек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, Чельпек айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартиби (мындан ары – Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.
Чельпек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
Ушул Чельпек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-майындагы № 17-токтомунун мамлекеттик каттоосу юстициянын Ысык-Көл облустук башкармалыгында жасалсын.
Ушул токтомдун аткарышылын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. К. Омуркулов |
Чельпек айылдык кеңешинин
2023-жылдын 12-майындагы
№ 17- токтомуна 1-тиркеме
Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин тизмеги
№ | Кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу жак |
Кызматтар | ||
1.1. | Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү | Суупайдалануучуларассоциациясы(келишим боюнча) |
Функциялар | ||
2.1. | Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейндик кеңештин ишине катышуусу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.2. | Муниципалдык менчиктердин реестринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү | Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмү |
2.3. | Кызмат көрсөтүүчүлөр менен ирригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмү |
2.4. | Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.5. | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.6. | Суу колдонуу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан административдик жоопкерчилик маселелери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.7. | Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.8. | Ак-Жол айылдык аймагында ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
Милдеттенмелер | ||
3.1. | Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн объекттери катары колдонууга берүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.2. | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым-жартылай компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.3. | Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды бөлүп берүү | Жергиликтүү кеңеш |
3.4. | Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы |