Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2023-жылдын 4-майы № 4
Орто-Боз айылына инвестицияга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын отуруму 2023-жылдын 2-майындагы № 1 протоколун карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Орто-Боз айылына келген инвестицияга 500 000 ( беш жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ысаков С.Б.
|