Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2023-жылдын 4-майы № 9
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо”жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2023-жылдын 3-мартындагы №01-13/1287 сандуу чыгыш катын, угуп карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын түндүк-батыш тарабынан аскер кызматкерлерине кампа куруу үчүн мамлекеттик менчиктеги 3,0 гектар жер аянты таштуу жайыт жер, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди толуктап бүтүрүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациядан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Мажитовго жүктөлсүн.
Төрага | Ысаков С.Б.
|