Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2023-жылдын 4-майы № 10
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата Социалдык-экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1Б кичи компенентинин (3-циклынын) алкагында коомчулук тарабынан тандалып алынган төмөнкү артыкчылыктуу көйгөйдү: Рават орто мектебине акылдуу ( интрактивдүү ) доскаларды, телевизорлорду жана музыкалык апараттарды сатып алууну айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө Ак-Татыр айыл аймагынын “ Таасир этүү коридорундагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын” (ТКАИА) аткаруу комитетинин төрагасы Жангиров Дурусбек Сейдимахматовичтин билдирүүсүн угуп карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IIсессиясы
Токтом кылат
1. CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1Б кичи компенентинин (3-циклынын) алкагныда Рават айылынын тургундары тарабынан тандалып алынган төмөнкү артыкчылыктуу көйгөй: Рават орто мектебине акылдуу ( интрактивдүү ) доскаларды, телевизорлорду жана музыкалык апараттарды сатып алуу Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата түзүлгөн айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө Социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы жүктөлсүн
Төрага | Ысаков С.Б.
|