Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2023-жылдын 4-майы № 11
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылын органикалык аймакка өткөрүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Рават айылында органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу, айыл жашоочуларына экологиялык таза, органикалык заттарды өндүрүүгө шарттарды түзүп, аларды таза азыктар менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында, 2023-жылдын 3-апрелинде Рават айылында элдик жыйындын протоколун жана айылдык кеңешинин депутатты Дастанбек Эркиновдун билдирүүсүн угуп карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Рават айылы “Рават органикалык аймагы” болуп түзүлсүн.
2. Органикалык аймакта органикалык айыл чарба технологияларын жайылтуу биопрепараттарды, этномофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү, кангактоо, сактоо, сатуу стандарттары жана сертификаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу үчүн инвестиция тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинен суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Ысаков С.Б.
|