Редакцияот 04.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2023-жылдын 22-майы № 12

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын Аэропорт участкасынын көчөлөрүнүн атын өзгөртүү жөнүндө

 

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубаныбек Нурмаматовдун билдирүүсү, 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында кагылышууда курман болгон Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын тургундары (Чек ара кызматкерлери) Мамытов Нургазы Абдимиталипович жана Абдисамат уулу Кулатбектин аттарын, Ак-Татыр айылынын Аэропорт участкасында эки көчөгө аттарын ыйгарууга билдирүү берген, билдирүүнү угуп карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

Токтом кылат

 

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Аэропорт участкасында эки көчөнүн аты, Жаштык-1 көчөсү Мамытов Нургазы Миталипович болуп өзгөрүлсүн, Жаштык-2 көчөсү Абдисамат уулу Кулатбек болуп өзгөрүлсүн.

2.    Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары,   коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

Бектемиров Э.Д.