Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II cессиясы
2023-жылдын 17-марты № 1
Акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Жазгы талаа жумуштарын сапаттуу жүргүзүү, калкты сугат суу менен өз убагында камсыздоо үчүн арыктарды, каналдарды тазалоо, калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу үчүн керектүү болгон акча каражатын айыл аймактын бюджетинен карап берүү максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1. Арыктарды, суу каналдарын тазалоо, оңдоп түзөө иштери үчүн айыл аймактын жергиликтүү бюджетинен “Арашан Булак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын эсебине 138 500 (жүз отуз сегиз миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Аталган акча каражатын тиешелүү статьядан которуп берүү айыл аймактын ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу, арыктарды, суу каналдарын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү “Арашан Булак” СПА жетекчиси Р. Асилбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |