ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II cессиясы
2023-жылдын 17-марты № 4
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттин иш-планын бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу, болтурбоо жана анын кесепеттерин жоюу боюнча түзүлгөн жергиликтүү комитеттин 2023-2024-жылга карата аткарылуучу иш-чаралар планын бекитүү максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттин 2023-2024-жылдарга карата иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өрүктү айыл аймагында зордук-зомбулуктун алдын алуу, болтурбоо жана анын кеспеттерин жоюу максатында жергиликтүү бюджеттен 2023-жыл үчүн 116 000 (бир жүз он алты миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин социалдык коргоо боюнча атайын статьясында кармалсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук, этика жана мандат, жаштар, спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | К. С. Усенбаева |