ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II cессиясы
2023-жылдын 17-марты № 6
Акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айылындагы А. Ражапов жана А. Абдиев көчөлөрүнүн жээгине лоток арыктарын жаткыруу жана бордюр куюу иштерин аягына чыгаруу үчүн керектүү болгон акча каражатын айыл аймактын бюджетинен карап берүү максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1. А. Ражапов жана А. Абдиев көчөлөрүнүн жээгине лоток арыктарын жаткыруу жана бордюр куюу жумуштарын аягына чыгаруу, бүткөрүү үчүн айыл аймактын эсебинен 650 000 (алты жүз элүү миң) сом ажыратылып берилсин.
2. Керектүү акча каражатын тиешелүү статьядан бөлүп берүү ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |