Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II cессиясы

2023-жылдын 17-марты № 7

Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жыл ичинде аткарылган жумуштары (атайын каражат) боюнча жылдык отчетун угуу жөнүндө

Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н. Арзыматовдун маалыматын жана Өрүктү айылдык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жыл 17-мартындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:

 

1.  Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин пайдалануусундагы техникалардын 2022-жылдагы аткарган иштери жана жайыт комитетинин 2022-жылдын атайын каражаты боюнча отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

2.  Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

К. С. Усенбаева