Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II cессиясы
2023-жылдын 17-марты № 9
Өрүктү айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Өрүктү айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын Жергиликтүү жаматтарынын Уставы тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Өрүктү айыл аймагынынЖергиликтүү жаматтарынын Уставында көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук, этика жана мандат, жаштар, спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | К. С. Усенбаева |