ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II cессиясы
2023-жылдын 17-марты № 10
Ала-Бука районун өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен өткөрүлгөн жалпы Элдик жыйында ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү максатында артыкчылыктуу деп тандалып, колдоого алынган Өрүктү айыл аймагына караштуу Геркана жакынкы жайытына темир боз үйлөрдү сатып алуу долбоорун Ала-Бука районун өнүктүрүү фондуна сунуштоо максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1. Ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү максатында Өрүктү айыл аймагына караштуу Геркана жакынкы жайытына темир боз үйлөрдү сатып алуу долбоору Ала-Бука районун өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Долбоорду даярдоо жана районду өнүктүрүү фондуна сунуштоо боюнча иш-кагаздарын даярдоо жана иш алып баруу айыл аймак башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Ж. Хасанбаевге тапшырылсын.
Төрайым | К. С. Усенбаева |