Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II cессиясы
2023-жылдын 17-марты № 12
Өрүктү-Сай айылынын тургуну С. Давлеталиевдин арызын кароо жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү-Сай айылынын тургуну С. Давлеталиевдин кайрылуусун жана жергиликтүү кеңештин жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1. С. Давлеталиевдин арызында көрсөтүлгөн Өрүктү-Сай айылынын Жалгыз-Кайың жана Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасындагы өздөштүрүү үчүн алынган жерлерди тактоо үчүн убактылуу комиссия түзүлсүн.
2. Убактылуу комиссиянын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
- Ж. Хасанбаев – айылдык кеңештин төрайымынын орун басары, убактылуу комиссиянын төрагасы;
- Ш. Ниязбеков – айыл аймактын жер адиси, убактылуу комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Н. Абдраимов – жергиликтүү кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын мүчөсү;
- С. Абдиев – а/К жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, убактылуу комиссиянын мүчөсү;
- М. Кулматов - а/К жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, убактылуу комиссиянын мүчөсү;
- Р. Темиралиев - а/К жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, убактылуу комиссиянын мүчөсү;
- Т. Оңолбаева - а/К жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, убактылуу комиссиянын мүчөсү;
- Т. Кулумбетов – а/а экономист-статисти, комиссиянын мүчөсү;
- Б. Тажибаев – Өрүктү-Сай айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
- И. Макамбаев – Орто-Токой, Чолок-Тума айылдыранынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
- З. Бөрүбеков – Өрүктү айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
3. Түзүлгөн убактылуу комиссияга арызда көрсөтүлгөн аймактарда тактоо иштерин жүргүзүү 2 айлык мөөнөткө милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | К. С. Усенбаева |