НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-июну № 12
Ноокен айыл өкмөтүнүн Коминтерин айылынын тургуну И.Арстанова арыз менен кайрылган, көп жылдан бери мунуципиалдык менчиктеги үйдө жашап жаткандыгын жана ошол жашап жаткан үйдү, өзүнө мыйзамдуу түрдө каттоого алуу жөнүндө
Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровдун 31,05,2023-жылы жазган кайрылуусунун негизинде, Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн Коминтерин айылынын тургуну И.Арстанова арыз менен кайрылган, көп жылдан бери жашап жаткан мунуципиалдык менчиктеги үйдү, Мүлкө мунципиалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 12-беренесинин 2 жанам 3 бөлүктөрдүн негизинде мыйзам чегинде берилсин.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж. Инаятовко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровго милдетендирилсин.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Акматалиев |